БАШ АДАШУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Өтө көп же татаал нерсенин учу-кыйрын таба албай калуу. Окшош үйлөрдүн көбүн айтпа, кайсы экенин билбей баш адашат («Ленинчил жаш»). Кең төрлөр, Эркинче жайылган калың мал, чынын айтсам, башым адашты («Советтик Кыргызстан»). Ал гүлдөрдүн улам бирине учуп-конгон эң сонун, кооз көпөлөктөрдөн башың адашат (Мидин).